Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

 Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

Бүгүн, 29-январы, саат 10.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда, болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

Кыргыз тарап чек арага алып келген кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти. Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, башка күч-түзүмдөрү менен биргеликте коомдук абалды көзөмөлдөөдө.

Жанылыктар