Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Бүгүн, 15-июнь саат 10:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Түн тынч өтүп, кырсыктар жана окуялар катталган жок.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын башка тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо максатында 14-июнь күнү кечинде Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.
Кийинчерээк саат 20:40тан 21:20га чейин «Кызыл-Бел-автодорожный» жана «Гулистон-автодорожный» өткөрүү пункттарынын ортосунда Кыргызстандын Баткен облусундагы жана Тажикстандын Согди облусундагы чек ара өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
- Булак-Башы аймагындагы чек ара тозотторунун жүрүү маршруттарын тактоо;
- окуя болгон жерге тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу пункттарына кайтаруу;
- «Булак-Башы» (КР) жана «Кех» (ТР) чек ара заставаларынын жетекчилерин күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирилсин;
- тараптарды мурда казылган окопторду толтурууга милдеттендирүү;
- жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратпоо.