Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

 Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:30гө карата кыргыз-тажик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Белгилей кетсек,19-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдары жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагына барган. Анда тараптардын жолугушуусу өтүп, мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты сактоо келишимине кол коюлган.

Эки мамлекттин өкүлдөрү протоколдун аткарылышы боюнча бүгүн, 20-сентябрда дагы жолугушууну пландоодо.

Жанылыктар