Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

 Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.

“Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты; Укук коргоо органдарынын бөлүктөрү чек арага жакын аймактарды биргелешип күзөтүштү”, – деп айтылат маалыматта.

Тараптардын чек ара отряддары чек аранын такталбаган тилкелерине коюлган эмес.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылган.

 

Жанылыктар