Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңешме өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси өттү.
Кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.