Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 11 миң жаран эвакуацияланды

 Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 11 миң жаран эвакуацияланды

Баткендеги акыркы кырдаалга байланыштуу чек ара тилкесинде жашаган 11 миң 52 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Көчүрүрлгөндөрдүн  10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө,  642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды. Алар:

  • Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татар а/а, Самаркандек а/а Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңге жакын тургуну Рават айылына;
  • Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын миңдей жараны Кайрагач айылына;
  • Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө;
  • Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын миңдей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.

Жанылыктар