Кыргыз-тажик чек ара чыры  боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду

 Кыргыз-тажик чек ара чыры  боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду

Кечээ, 13-апрелде, кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча үчүнчү ирет эки тараптуу жолугушуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-апрель күнү саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу.

“Кечээ, 13-апрелде, саат 18:00дөн 18:30га чейин Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары жолугушту. Кыргыз тарапты Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Уларбек Шаршеев жетектеп барса, тажик тарапты УКМК төрагасынын орун басары, чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали жетектеген. Сүйлөшүүгө Баткен менен Согд облусунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүдө жетишилген макулдашуулар:

Жаңжал учурунда чек арага тартылган кошумча кирген өздүк курам, аскер техникаларын алып чыгууну улантуу.

Бул чечимди аткаруу үчүн эки тараптын тийиштүү органдарынан турган комиссия иш жүргүзөт.

“Комиссия 14-апрелде Лейлек жана Гафуров райондорунун аймагында, 15-апрелде Баткен менен Исфара райондорунда иш алып барат. Мындан тышкары, чек ара кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлүп, алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозотторунун жүрүү маршруттарын тактап чыгышы керек”, — деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар