Кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгына кол коюлду

 Кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгына кол коюлду

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономикалык кызматташтык программасына кол коюлду. Бул туурасында экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Жолугушуунун алкагында министлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Л. Оверчук ара сооданы диверсификациялоого жана көбөйтүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташуу программасына кол коюшту.

Белгилесек,  Россия Федерациясы менен болгон соода жүгүртүү 2022-жылдын сегиз айында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 млрд доллардан ашты.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар