Кыргыз мушкери Самат Абдырахманов Жозе Альдо менен беттешке чыгышы мүмкүн

 Кыргыз мушкери Самат Абдырахманов Жозе Альдо менен беттешке чыгышы мүмкүн

Россиянын “Hardcore” уюму UFCнин экс чемпиону, бразилиялык мушкер Жозе Альдо менен “Hardcore” уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Самат Абдырахмановдун беттешин өткөрүүнү пландоодо.

Бул тууралуу супер.кж сайты жазды.

Уюмдун жетекчиси Анатолий Суляновдун айтымында, Альдо үчүн келишим буга чейин даярдалган. Келишим жакында бразилиялык мушкерге берилет.

Өз кезегинде кыргыз мушкери Самат Абдырахманов бул боюнча билдирүү жасап, Жозе Альдону Россияда күтөөрүн билдирди.

Жанылыктар