Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду

 Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду

Бүгүн, Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду. 

Кыргыз милициясы 1924-жылдын 1-ноябрында негизделип, алгач Кара-Кыргыз автономдуу облустук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Ошондон бери 1-ноябрь Кыргызстандын милициясынын күнү катары майрамдалып келүүдө.

Майрамды утурлай Ички иштер министри Улан Ниязбеков 98 жылдык маараке менен куттуктады.

Министр Милиционер болуу – бул чоң сыймык жана өзгөчө зор жоопкерчилик экенин белгилеп, коомдук тартипти бекем сактоо, кылмыштуулук менен  күрөшүүдө бул кесиптин ээлеринин салымы чоң экенин кошумчалады.

“Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен биримдикте жана ынтымакта биргелешип укуктук демократиялык мамлекетти чыңдоого, коомдук туруктуулуктун сакталышына жан аябастан терибизди төгүп, кызмат кыла беребиз. Жалпы коопсуздук үчүн мамлекет тарабынан бардык жардамдар камсыздалып келүүдө. Ички аскерлердин жана милиция кызматкерлеринин айлыктарынын көтөрүлүшү, материалдык-техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү – бул бизге көрсөтүлгөн өзгөчө колдоо деп эсептейм. Элибиздин жыргалчылыгы, туруктуу жашоосу жана келечеги үчүн талыкпай иштеп, жарандардын эркиндигин бекем сактоого арналган багытыбызда дайыма ийгиликтер жарала беришине тилектешмин”,-деди Улан Ниязбеков. 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар