Кыргыз кызы Кореяда депутат болду

Кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Кече 1-июнь күнү Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү. Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма Элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири», -деп жазган элчи айым.
Айсулуу Аширалиева шайлоо күнү кыргыздын улуттук кийимин кийип келип, трибунада сүйлөгөн.
Айсулуу Аширалиева Талас облусунда туулган. 2004-жылдан бери Сеул шаарында жашап, эмгектенип келет. Ал Борбор Азиянын балдар-кыздарынан түзүлгөн «Ай-Пери» бий тобун, ушул эле аталыштагы маданий бирикмени жетектейт.