Кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында бир нече документтер кабыл алынды

 Кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында бир нече документтер кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

  • Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  • Кытай Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
  • Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Жанылыктар