Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

 Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Эртең, 5-апрелде Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автодорожный» жана «Эркечтам-автодорожный» өткөрүү пункттары автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чек аранын убактылуу тосулушу Кытайдагы Цинмин фестивалын (Эскерүү күнү) майрамдоого байланыштуу.

Аталган көзөмөл-өткөрүү пункттары 6-апрелден тарта товарларды жана жүктөрдү өткөрүүнү гана караган мурда бекитилген алгоритм боюнча ишин жандантат.

Жанылыктар