Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

 Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен 1-3-октябрь күндөрү “Торугарт” жана “Эркечтам” посттору жабык болот. Чек аранын жабылышына Кытай Эл Республикасынын негизделген күнүн майрамдоо себеп болгондугу айтылды.

Ушул жылдын 4-октябрынан тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Жанылыктар