Кыргыз-казак парламенттер аралык байланышын кеңейтүү маселеси талкууланды

 Кыргыз-казак парламенттер аралык байланышын кеңейтүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. 

Төрага Нурланбек Шакиев эки өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан бери алакалардын бекем пайдубалы түптөлүп, жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз жолугушуулар жана диалогдор менен чыңдалып келе жатканын баса белгиледи.

Андан тышкары, соода-экономикалык мамилелерге токтолгон төрага Кыргызстан ишкерлер менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, товарлардын эркин кыймылын камсыз кылууга багытталган бардык демилгелерди колдой турганын белгиледи. Айрыкча, ЕАЭБ алкагындагы келишимдерди сактоо менен үзгүлтүксүз транзиттик каттамды калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде, Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

 “Мамлекет башчыларыбыз да өнөктөштүктү өөрчүтүүгө багытталган маңыздуу чечимдерди кабыл алууда. Соода-экономикалык байланыштарыбыздын көлөмү көбөйүп, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбыз да жигердүү өнүгүүдө. Алсак, ушул күндөрү Астана шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү жогорку деңгээлде өтүп, эзелтен-эриш аркак жашаган эки элдин ынтымагы даңазаланууда. Андыктан калыптанган кызматташтыкты эки жактуу жана көп тараптуу алкакта улантып, бардык багыттагы байланыштарыбызды мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле мамилелерди бекемдөөдө парламенттердин да үлүшү маанилүү экенин белгилеп, Нурланбек Шакиевди Түркстан шаарында өтөрү мерчемделген Орто Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумуна катышып кетүүгө чакырды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар