Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп баштады

 Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп баштады

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымады.

Кечээ, 17-январь саат 17:00дөн тартып «Ак-Жол», «Чалдыбар», «Чоң-Капка», «Кең-Булуң» жана «Токмок» чек ара бекеттери жарандарды жана автоунааларды эки тарапка тең чектөөсүз өткөрө баштады. Бирок, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын Казакстанга өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кыргызстанда жүргөн казак жарандары жана Казакстанда жүргөн казак жарандары аталган бекеттен өтө алат. «Каркыра» өткөрмө бекетинен Кыргызстанда жүргөн казак жарандары өтө алышат.

Ошондой эле, кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу, жүк ташыган автоунаалардын тыгыны жок экени кошумчаланган.

Өткөн аптада коңшу өлкөдөгү саясий окуялардан айрым чек ара бекеттери убактылуу жабылып, кайра жарым жартылай ачылган. Жүк алып өтүү басаңдаган жана кээ бир жерлерде казак тарапка жүк ташыган автоунаалардын тыгыны байкалган.

 

Жанылыктар