Кыргыз-казак чек арасында 130 оор жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны тууралуу маалыамат бериди. 11-январь түнкү саат 22:00гө карата «Ак тилек» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанды көздөй бараткан 130 оор жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат.
Кезек күткөн унаалардын 10у айыл чарба азыктары менен, 20сы контейнерлер менен, 100ү жүгү жок токтоп турат.
Ошондой эле, учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу, башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.
«Ак тилек» көзөмөл өткөрүү жайынын кире беришинде Кыргызстандан Казакстанды көздөй автотранспорт каражаттарынын тыгыны байкалган. Бул майрамдан кийин жүк ташуулардын көбөйгөнүнө жана Казакстандын аймагында текшерүүдөн өтүп жатканына байланыштуу болууда. Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет«, — деп жазылган маалыматта.