Кыргыз-казак чек арасынан илбирстин териси менен баш сөөгү салынган кап табылды

 Кыргыз-казак чек арасынан илбирстин териси менен баш сөөгү салынган кап табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы Казакстан менен чектеш аймакта илбирстин териси менен баш сөөгүн тапты. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдирди. 

Маалымматка караганда, чек ара кызматкери Чүй облусунун Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймактарына чек араны көздөй бара жаткан кап көтөргөн эркек адамды байкап, аны кууп жетүүгө аракет кылган. Чек ара бузуучу аны кармаганы келе жатканын көрүп капты чек арадан алыс эмес жерге ыргытып, өзү Кыргызстандын аймагында жашырынып калган.

Окуя орун алган жерге жетип келген чек арачылар каптан илбирстин терисин жана баш сөөгүн аныкташкан. Чек ара тарамдары кош аракеттенген органдар менен биргеликте ыкчам издөө жана башка тиешелүү иш-чараларды алып барышууда.

Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң илбирстин терисин жана баш сөөгүн мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жанылыктар