Кыргыз-казак чек арасы: үч өткөрмө бекет кыска мөөнөткө иштебейт

 Кыргыз-казак чек арасы: үч өткөрмө бекет кыска мөөнөткө иштебейт

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекет 2-сентябрда убактылуу жабыларын билдирди.

Анда мындай тоскоолдук тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу экени айтылат.

Ага ылайык, шейшембиде “Ак-Тилек Автожол” 11.00-13.00, “Кең-Булуң Автожол” 14-16.00, ал эми “Токмок Автожол” өткөрмө бекети 17.00-21.00 убакыт аралыгында жабык болот.

Чек ара кызматы жолоочуларды, айдоочуларды сапарларын кыска мөөнөткө жабылган жагдайды эске алуу менен уюштурууну өтүндү.

Жанылыктар