Кыргыз аскерлери Тажикстанда өткөн «Кобальт-2021” тактикалык машыгууга катышты

 Кыргыз аскерлери Тажикстанда өткөн «Кобальт-2021” тактикалык машыгууга катышты

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган аскерлер Тажикстандын “Фахробод” аскердик полигонунда өткөн “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуусуна катышты.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү катышкан машыгууга Кыргызстандан ИИМдин “Шер” атайын даярдыктагы отрядынын аскер кызматчылары, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери барды.

Машыгууда Кыргызстандын, Армениянын, Беларусиянын Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын аскерлери мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуудагы операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти.

Урмамбетовдун айтымында, «Кобальт-2022» кезектеги атайын тактикалык машыгууларын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатат.

Жанылыктар