Телерадиокомпания

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети убактылуу жабылат

 Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети убактылуу жабылат

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейинки аралыкта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта Кыргызстандын «Кызыл-Кыя-унаа жолу» жана Өзбекстандын “Өзбекстан-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пункттарында жолдун үстүн жаңыртуу, асфальт төшөө  иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу авто каражаттарынын аталган посттор аркылуу жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Буга байланыштуу товарлар менен автотранспорттор “Достук” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу жүрүп турмакчы.

Бажы кызматынан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 4-декабрынан тарта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети кадимки тартипте иштей баштайт.

Жанылыктар