Кыргыз-өзбек чек арасында жоголгон мал ээсине кайтарылды

Кыргыз-өзбек чек арасында жоголгон мал кечээ, 23-январда Өзбекстандан кайтарылып, ээсине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен милициясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Токой айылынын 47 жаштагы тургунунун 3 баш бодо малы былтыр октябрь айларында Өзбекстандын Фергана облсунунун Сох району менен чектешкен жерде жоголуп кеткен.
Жыйынтыгында милция кызматкерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин кечээ, 23-январь күнү жоголгон үч баш бодо мал эки торпогу менен Өзбекстандан кайтарылып алынып, ээсине өткөрүлүп берилди.