Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, эки киши каза болду

Кечээ, 5-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны атчан жүктөрдү Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 500 метр алыстыкта Өзбекстандын аймагына кирип, Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачылары тарабынан аныкталган.
«Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолуктарын сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн»,- деп айтылат маалыматта.
Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда Кыргызстандын жарандары жалпы суммасы 20 000 доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан.
Кийинчерээк белгилүү болгондой каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп өскөн жарандар болуп, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда алар өздөрүндө Өзбекстан Республикасынын паспортун сактап калышкан.
Кечээ, саат 17.55те чыр-чатак орун алгандан кийин окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жагдайды жеринен изилдешти.
Эки тараптын чек ара өкүлдөрү ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү.