Кыргыз-өзбек чек арасында үчүнчү жашыруун тоннель табылды

 Кыргыз-өзбек чек арасында үчүнчү жашыруун тоннель табылды

Улуттук коопсздук мамлекеттик кызматы 11-июнунда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы уйлөрдүн биринен  үчүнчү тоннель табылды.

Атайын кызматтын маалыматында тинтүү учурунда жер астындагы тоннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны экендиги аныкталганы айтылат.

“Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын байланыштырган туннелди казуу боюнча иштерди, Кыргыз Республикасынын М.И.М. жана Өзбекстан Республикасынын Рустам аттуу жарандар жүргүзүшкөнү такталды”,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар