Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси каралат

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйын өтөт. Жыйынга катышуу үчүн Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди.
Ариповду «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Өзбекстандын Премьер-министри иш сапарынын алкагында чек ара маселеси боюнча жыйынга катышып, президент Садыр Жапаров менен жолугушат.