Кыргыз-өзбек чек арасы: Баткенде жашыруун тоннель табылды

 Кыргыз-өзбек чек арасы: Баткенде жашыруун тоннель табылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тоннель Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө, бул туннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган.

Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган “У.С.И.” экени аныкталды. Бул тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар