Кырчындай өмүр кыйылды. Чек арада 22 жаштагы Бекболсун мерт кетти

 Кырчындай өмүр кыйылды. Чек арада 22 жаштагы Бекболсун мерт кетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам жоокер Бекболсун Рысбек уулу уулу мерт кетти. Анын сөөгү кечээ туулуп өскөн жери Кара-Суунун Кызыл-Абад айылына алып келинген. Маркумдун сөөгү бүгүн жерге коюлду.

Бекболсун Рысбек уулу 22 жашта, бир туугандарынын эң кенжеси болчу.
Аскердик кызмат өтөөгө экинчи жолу өз ыктыяры менен барган. Октябрь айында үйүнө кайтмак.

Белгилесек, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 36 жараны каза тапты. Ал эми 129 жаран денелеринен түрдүү жаракат алган.

Жанылыктар