Кылмыш иши козголгон Доскул Бекмурзаев ооруканага жатты

Cүрөт: МедиаХаб
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев микро инсульт алып, ооруканага жатты. Бул тууралуу маалыматты ал өзү “МедиаХабга” ырастады.
Бекмурзаевге Башкы прокуратура тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча эки кылмыш иши козголгон.
Прокуратуранын маалыматында «2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары министр Бекмурзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «Теплые ключи” саламаттыкты чындоо комплексинин объекттерин оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген», — деп жазылган.
Бекмурзаев бул кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган. Кызматка киришип жатканда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирген.