Курсанттар катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

 Курсанттар катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди. 

“Ведомство жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Аскер кызматкерлери аскердик дарыгердин көзөмөлүндө. Курсанттардын абалы канааттандырарлык”, – деп айтылат маалыматта.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басары жана Аскер институтунун жетекчиси жол кырсыгынан жабыркаган курсанттардан кабар алып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылган.

Жанылыктар