Курман болгондор унутулбайт. Президент кайрылуу жолдоду

 Курман болгондор унутулбайт. Президент кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров түз эфирде кайрылуу жолдоду. Өлкө башчысы мекен чегин коргоп курман болгон жоокерлердин ата-эне, жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле алардын эрдиги Кыргызстан элинин эсинде түбөлүк сакталарын белгиледи.

“Ар бир эр жигит Ата Журт үчүн кан-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн келечегин мамлекет өз мойнуна алат”,-деди Президент.

Жапаров мындан тышкары жоокерлердин жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон жарандардын муктаждыктары толук камсыз кылынарын айтты.

“Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө”,-деп кошумчалады.

Президент ошондой эле интернет мейкиндигинде жалган маалыматтар тарап жатканын баса белгиледи. Муну менен элдин аң-сезимин бурмалоо аракети болуп жатканын кошумчалады.

“Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы”,-деди өлкө башчысы.

 

Жанылыктар