Куралдуу кол салуудан жабыркагандардын саны 31ге жетти

 Куралдуу кол салуудан жабыркагандардын саны 31ге жетти

Кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кол салуудан кыргызстандын 31 жараны жаракат алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Саат 13:00гө карата Баткен облустук ооруканасына дагы 13 жабырлануучу келип түштү. Ошондо ооруканага жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды.

Министрликтен жабыркагандардын абалы жана диагнозу тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлашты.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Жанылыктар