Куралдуу кол салуудан кыргызстандык төрт аскер жарадар болду

 Куралдуу кол салуудан кыргызстандык төрт аскер жарадар болду

Бүгүн, 16-сентябрь саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасына тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен районунун кооптуу айылдарында жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн таң эрте кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал кайрадан курчуду. Тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап чыккынчылык менен кол салганы белгиленди.

Жанылыктар