Куралдуу кагылышуу: Качып баратканда ок тийген жети бала ооруканада

 Куралдуу кагылышуу: Качып баратканда ок тийген жети бала ооруканада

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда бүгүнкү күндө Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова билдирди.

Маалыматта айтылгандай, балдардын бардыгына ок тийген.

“Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те. Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Көбүнө ок алар качып баратканда тийген”,-деди дарыгер.

Белгилей кетсек, чек ара жаңжалынан улам жараат алгандардын саны 185ке жетип, 59 жаран мерт кетти.

Ушул жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болгонун билдирди.

Жанылыктар