Кумтөрдөн тогуз айда 26,3 млрд сом салык түштү

 Кумтөрдөн тогуз айда 26,3 млрд сом салык түштү

Кумтөр Кыргызстанга тогуз айдын ичинде 26,3 млрд сом салык төлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Белгилесек, Кумтөр ишканасы 2020-жылы 9 млрд. 618,7 млн. сом, 2021-жылдын 11 айында казынага 6 млрд. 998,8 млн. сом салык төккөнү айтылган.

Касымалиев ошондой эле өндүрүлгөн алтындар боюнча дагы маалымат берди.

“Өткөн жылы 14,6 тонна алтын өндүрүлгөн. Быйыл 18,4 тонна алтын казылат деген план бар болчу. Бирок, иш жүзүндө 15 тонна өндүрүлүшү күтүлүүдө. 2023-жылы 17, 6 тонна алтын алуу пландалып жатат”,-деди Касымалиев.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар