“Кумтөрдүн” финансылык директору бир айга камакка алынды

 “Кумтөрдүн” финансылык директору бир айга камакка алынды

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун каржы башкармалыгынын директору Рысбек Токтогул СИЗО-1ге камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ, 14-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Р.Т. баш коргоо чарасы каралып, бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечими чыккан.

Эске сала кетсек, “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду.

Коррупциялык системанын негизинде мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилгени аныкталган.

Жанылыктар