Кумшекердин баасы арзандай баштады

 Кумшекердин баасы арзандай баштады
Өлкөдө кумшекер арзандай баштаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады.
Билдирмеге караганда, азыркы тапта мамлекет ун, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт сыяктуу маанилүү азыктарды арзандатуу аракетин көрүүдө. Буга байланыштуу мамлекеттик кызматта жыйын өтүп, базар, соода түйүндөрүндө кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
“Буга чейин кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана чакан дүкөндөр менен кумшекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (1 килограммы 79 сом, күнүнө бир адамга 1 килограмм гана берилет). Көрсөтүлгөн көлөмдөн көп алгандар үчүн кумшекердин бир килограммы 85 сомдон сатылат. 1-августтан баштап “Глобус”, “Народный”, “Фрунзе” соода түйүндөрүндө кумшекердин килограммын 84 сомго чейин сатуу макулдашылган”, — деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар