Кумшекер жана өсүмдүк майын сырттан алып келгендерге жеңилдик берилди

 Кумшекер жана өсүмдүк майын сырттан алып келгендерге жеңилдик берилди

2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга кумшекерди жана рафинаддалган өсүмдүк майын импорттоо кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Өкмөттүн жыйынында жалпы 14 маселе каралды. Алардын бири салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун усулу бекитилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик-укуктук актылардын даярдалышын сынга алып, баары укуктук, экономикалык экспертизадан өтүшү керектигин белгиледи.

«Толук иштелип чыкпаган, чийки долбоорлорду киргизүүгө жол берилбейт. Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү киргизилген долбоор үчүн жооп берет. Бул эсиңиздерде болсун. Чечимдин долбоору деталдуу жана такталган эсептөөлөр менен бекемделүүгө тийиш, бул — өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулушуна тийиштүү», — деди Акылбек Жапаров.

Жанылыктар