Кумаркана лицензиянын баасын 10 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин сунушталды

 Кумаркана лицензиянын баасын 10 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин  сунушталды

Кыргызстанда кумаркана иштетүү үчүн лицензиянын баасын 10 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп аныктоо сунуш кылынууда. Экономика жана коммерция министрлиги 27-июлда токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.Анда “оюн-зоок ишине лицензия үчүн төлөм мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болору” белгиленди.Республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн 84 миллион сом, ал эми Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагылар үчүн 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына 25 миллион сом деп сунушталууда. Оюн-зоок автоматтар залдары үчүн 42 миллион сом, букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом деген сунуш берилүүдө.Оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу экени белгиленди.Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын айынан  үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажырагандардын   жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп,колдоо тапкан.

Жанылыктар