Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору кызматына кайтарылды

 Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору кызматына кайтарылды

ОшМУнун иштен алынган ректору Кудайберди Кожобеков кайрадан кызматына кайтарылды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы   билдирди.

Тоялиевдин айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында студенттердин «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканына Кожобековдун тиешеси жок болуп чыккан. Мындан улам Министрлер кабинети 22-декабрда аны кызматына кайтаруу тууралуу буйрук чыгарган.

2021-жылдын 9-ноябрында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун окуу жайдын студенттери үгүт иштерине катышкандыгы үчүн кызматтан алганын билдирген. Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу иштен бошотулган.

Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Кожобековдун кызматтан алынышы университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин арасында нааразычылык жаратып, алар ректорду колдоо акцияларынын өткөрүшкөн.

Мындан улам 10-ноябрь күнү Кожобеков билим берүү министрлиги ишти иликтеп чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилгени айтылган.

Жанылыктар