“Кудай өзүң сакта” деп жашагандан башка аргабыз жок. Президент курулуштардын сапаты боюнча үн катты

 “Кудай өзүң сакта” деп жашагандан башка аргабыз жок. Президент курулуштардын сапаты боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде көп кабаттуу курулуштардын сапаты боюнча комментарий берди. 

Мамлекет башчысы өлкө эгемен аталгандан бери курулуштардын сапатына көзөмөл начар болгонун билдирди. Ошол эле учурда көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча текшерүүлөр 2020-жылдан тарта жанданып келе жатканын айтты.

“Эми бизде салынган көп кабаттуу үйлөргө токтоло турган болсок, биз дагы “Кудай өзүң сакта” деп жашагандан башка аргабыз жок. Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат”,-деди өлкө башчысы.

Жапаров ошондой эле мындан ары башаламан курулуштар болбой турганын жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынарын белгиледи.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар