КРСУнун ректору Нифадьев: Садыр Жапаров дипломун эң жакшы баалар менен коргогон

 КРСУнун ректору Нифадьев: Садыр Жапаров дипломун эң жакшы баалар менен коргогон

Коомчулуктун кызыгуусу арткандыктан, Кыргыз-Орус Славян университети Жапаров Садыр Нургожоевич 2006-жылы юридикалык факультетти сырттан окуу бөлүмүн аяктагандыгын расмий тастыктайт, деп билдирди КРСУнун ректору Владимир Нифадьев 21-январда.

Анын айтымында, Садыр Жапаров 2006-жылдын 19-майында «Жогорку Кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук абалы» деген темада кандидаттык диссертациясын «эң жакшы» деген баа менен коргогон.

«Садыр Жапаровго университеттин бардык студенттери сыяктуу эле кыргыз жана орус үлгүсүндөгү дипломдор берилген», — деди КРСУнун ректору.

Жапаров 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун, 2006-жылы КРСУнун юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктаган.

Жанылыктар