Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтедден” эркин агент катары кетти

 Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтедден” эркин агент катары кетти

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Манчестер Юнайтед менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузду. Анын келишими келерки жылдын 30-июнуна чейин эсептелген. Бул тууралуу маалымат клубдун официалдуу сайтында жарыяланды.

Тараптар мындай чечимди өз ара макулдашуу менен кабыл алышкан. Ал дароо күчүнө кирет. Роналду азыркы учурда эркин агент статусун алды.

Криштиану Роналду буга чейин клуб, машыктыруучу, оюнчулар тууралуу интервью берген. Ал көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Мындан улам башкы машыктыруучу Эрик Тен Хаг мындан кийин Роналду клубда оюндарга чыкпай тургандыгын айткан.

Португалиялык футболчу Манчестер Юнайтед клубунда жети жарым жыл ойноду. 2003-жылдан 2009-жылга чейин жана өткөн жайда кайтып келгенден кийин бир жарым жыл. Роналду клуб менен 3 Премьер-Лига, 2 Лига Кубогу, Англия Кубогу, Англия Суперкубогу, Клубдук Дүйнө Кубогу жана Чемпиондор Лигасы уткан. Биринчи “Алтын топту” да “Манчестер Юнайтеддин” оюнчусу катары 2008-жылы алган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар