Телерадиокомпания

КР элчилиги орусиялык иш берүүчүлөрдөн шайлоо күнү кыргызстандык жумушчуларды бошотууну суранды

 КР элчилиги орусиялык иш берүүчүлөрдөн шайлоо күнү кыргызстандык жумушчуларды бошотууну суранды

Кыргызстандын Орусиядагы  элчилиги россиялык иш берүүчүлөргө кайрылып, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого кыргызстандык жумушчуларды бошотууну суранды.

Элчиликтен билдиргендей, Кыргызстандын элчилиги россиялык иш берүүчүлөрдөн 2021-жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу бул күнү Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск шаарларында, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында өз кызматкерлеринин – кыргызстандык жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүүсүн өтүнөт.

Жанылыктар