КР Аскер прокуратурасы: Соңку кыргыз-тажик чек ара жаңжалы боюнча тергөө жүрүп жатат

 КР Аскер прокуратурасы: Соңку кыргыз-тажик чек ара жаңжалы боюнча тергөө жүрүп жатат

2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө топтору тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев билдирди.

“Шектүүлөрдүн өзүнчө өндүрүшкө алынып, сотко өткөн учурлары бар. Учурда Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат”, – деди Абдыраев.

Эске салсак, 2022-жылы 14-17-сентябрда тажик тарап Баткен жана Ош облустарындагы чек ара заставаларына жана калкттуу пункттарга кол салган.

Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик баскынчылыгынын натыйжасында КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 63 адам каза болгон, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар жана балдар бар, 198 адам жабыркады.

Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар