ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кожошев кытай элчиси менен чек арадагы өткөрмө пункттарында жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү талкууланды

 Кожошев кытай элчиси менен чек арадагы өткөрмө пункттарында жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.

Арзыбек Кожошев жана элчи Ду Дэвэнь бир-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Жанылыктар