Коррупцияга шектелип «Айыл-Банктын» үч кызматкери кармалды

 Коррупцияга шектелип «Айыл-Банктын» үч кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы «Айыл-Банктын» бир катар жооптуу кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган (100% мамлекеттик үлүшү) «Айыл-Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилүүдө.

2017-жылы “Айыл-Банк” ААКсы «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берилген.

“Россиф” ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, 2022-жылдын 8-февралында насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн “Айыл-Банк” ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери — “Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.” аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Жанылыктар