«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды

 «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору К.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирүү таратты.

Анда маалымдалгандай, аталган жетекчи Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган.

“К.А.С. аталган акча каражатын Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысы К.А.Ш. аттуу жетекчисинин финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган. Кармалган К.А.С. аталган коомдук бирикменин статусунан пайдаланып, укук коргоо органдарындагы байланышы бар экенин айтып жашырынып, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө мезгил-мезгили менен суралып турган маалыматтарды, мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган башка маалыматтарды сурап турган.

Талаптарын аткаруудан баш тартышса, алардын ишин текшерем деп коркутуп, прокуратурага жана эсептөө палатасына арыз менен кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10% талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар