Короодо турган эки унаа толугу менен күйүп, жалын турак үйгө өткөн

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кожояр көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Кырсык учурунда жалын жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдү каптап, от жагуучу бөлмөнүн 8 чарчы метр чатыры өрттөнүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.