Коронавирус: Сутка ичинде 243 адамга жугуп, 4 бейтаптын өмүрүн алды

 Коронавирус: Сутка ичинде 243 адамга жугуп, 4 бейтаптын өмүрүн алды

Бүгүн, 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде Бишкекте 3, Чүй облусунда 1 бейтап каза болуп, өлкдо вирустун курмандыгы жалпы 2 миң 893 адам болгонун кабарлады.

Жаңы аныкталган учурлар: Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 10 адамдан илдет табылган. Мунун менен Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус илдетин жуктурган.

Соңку бир күндө 617 адам илдеттен сакайып чыгып, дартты жеңгендердин жалпы саны  189 миң 392 кишиге жетти.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 961 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда.

Борбор калаа Бишкекте эпидкырдаалга байланыштуу 4 мектеп жана 3 бала бакча карантин жарыяланды. Алар: Ленин районундагы №9, 13, Октябрь районунда №14 мектеби  онлайн форматта окууга өтсө,  №104, 148, 61 бала бакчалары убактылуу жабылды.

Жанылыктар