Коронавирус инфекциясын уюлдук телефон аркылуу аныктай турган система иштелип чыкты

 Коронавирус инфекциясын уюлдук телефон аркылуу аныктай турган система иштелип чыкты

Коронавирус инфекциясын (COVID-19) жана башка дем алуу органдарын бир  жөтөлүү жолу менен аныктай алган “Acoustery” системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, бул системаны аэропортторго, автобустарга, поезддерге, автобекеттерге, дүкөндөргө жана дарыканаларга  орнотууга болот.

Жаңы сунушталып жаткан системанын иштетүү эрежесине ылайык, адам терминалга жөтөлүүсү керек. Андан соң система белгилүү убакыттын ичинде оору тууралуу жыйынтыгын чыгарып берет.

Ошондой эле системаны кадимки уюлдук телефонго тиркеме түрүндө жүктөп алуу жетиштүү. Учурда аталган системаны жалпы коомчулукка жеткиликтүү кылып иштеп чыгуу чаралары жүрүүдө.

Жанылыктар